24.kg
17:31, 20 марта 2024, 24.kg

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

21-24-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

  • Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу);
  • 198-260-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);
  • Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымында;
  • Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 59-113-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымы Чоң-Ашуу ашуусу;
  • Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымындарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

«Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Алыскы жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун, тамак-аш жана ысык суу алууну унутпаңыз. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл», — деп билдирди мекеме.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18