24.kg
17:14, 20 марта 2024, 24.kg

Нарында кылмыш ишин токтотуу үчүн 100 миң сом алган милиция кызматкери кармалды

Нарын облусунун Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштеген инспектору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Участкалык инспектор Д.А.Т. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Бишкек шаарынын Ж.Т. аттуу тургунунан бейбаштык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн 100 миң сом акча алган. Бирок Д.А.Т. убадасын аткарбай, жыйынтыгында Ж.Т. аттуу жаранга кылмыш иши козголуп, анын иши сотко жөнөтүлгөн.

19-мартта Д.А.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда анын башка мыйзамсыз аракеттерге катыштыгын аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18