24.kg
15:00, 20 марта 2024, 24.kg

Сузак районунда контрабандалык жүк ташылуучу тоннель табылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда контрабандалык жүк ташылуучу жер астындагы тоннель табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, аталган тоннель Бек-Абад айылынын тургунунун үйүнөн, тагыраагы Өзбекстандын чек арасына жакын жерден табылган.

«Тоннелдин тереңдиги 15 метрди, жалпы узундугу 130 метрди, ал эми бийиктиги 1,7 метрди түзөт. Аткезчилик каналын уюштурууга шектелип 1986-жылы туулган үйдүн ээси кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмышка катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18