24.kg
14:42, 20 марта 2024, 24.kg

Кыргызстандын эмгек министринин жаңы орун басарлары дайындалды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин жаңы орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругу менен Бакыт Дарманбек уулу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин аталган кызматтан бошотулган Жаңыл Алыбаеванын ордуна келди.

Министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп Чыңгызбек Мамат уулу дайындалды. 2023-жылдын май айынан баштап бул кызматта Улан Чаначев иштеген. Ал укуктук камсыздоо, санариптештирүү жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча иш алып барчу. 2024-жылдын февраль айында акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алууга шектелип кармалган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18