24.kg
14:17, 20 марта 2024, 24.kg

Нооруз-2024. Коомдук транспорт убактылуу Киев көчөсү менен каттайт

Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү жолдордун жабылышынан улам коомдук транспорт убактылуу Киев көчөсү менен каттайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин каттаган коомдук транспорттор жөнүндө сөз болуп жатат.

Эске салсак, Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамын белгилөөгө байланыштуу 18-23-март саат 00:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү, ошондой эле Раззаков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин жана Орозбеков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин жабылды.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жол кыймылынын катышуучулары бул аргасыз чаранын киргизилишин түшүнүү менен кабыл алат деп үмүттөнөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18