24.kg
12:04, 20 марта 2024, 24.kg

Панфилов районунда жеке компания айыл өкмөтүн миллиондогон сомго алдап кеткен

Чүй облусунда жеке компаниянын директору ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу аймактын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э. арыз менен кайрылып, «НЭК ЛТД» ЖЧКсынын директору Т. Э. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

«Ал келишимге ылайык, 30 жумушчу күндүн ичинде 15 миллион 3 миң 640 сомго жаңы сугат лотокторун орнотушу керек болчу. Бирок 12 миллион 241 миң 222 сомду алгандан кийин милдеттенмени аткарбай жашырынып кеткен. Муну менен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

Photo 324957

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган Т.Э. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18