24.kg
16:30, 19 марта 2024, 24.kg

Камчыбек Ташиев ФИФАнын өкүлдөрү менен футболду өнүктүрүү пландарын талкуулады

Бүгүн Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев ФИФАнын аймактык техникалык директору Гайоз Дарсазде жана эффективдүүлүктү жогорулатуу боюнча адиси Ричард Аллен менен жолугушту. Бул тууралуу союздун басма сөз кызматы маалымдады.

Алар ФИФАнын футболду глобалдуу өнүктүрүү боюнча максаттарын белгилешти. Ошондой эле Кыргызстандагы футболду өнүктүрүүгө өз көмөгүн көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти. Атап айтканда, Ричард Аллен таланттарды аныктоо багытын өркүндөтүүнүн жолдорун сунуштады.

КФСтин президенти футболдук инфраструктураны жакшыртуу жана клубдарды, академияларды, ошондой эле курама командаларды өнүктүрүү пландары менен бөлүшүп, ФИФАнын өкүлдөрүнө алардын ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Гайоз Дарсазде ФИФАнын таланттарды өнүктүрүү боюнча долбоорунун (TDS — Talent Development Scheme) маанилүүлүгүн белгилеп, аталган долбоорду Кыргызстанда улантуу зарыл экенин айтты.

Photo 324846

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18