24.kg
15:58, 19 марта 2024, 24.kg

Кочкор районунун аткаминерлери УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин биринчи орун басары жана башкы адиси УКМК кызматкерине пара берүү фактысы менен кармалды. Бул туурлауу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда өкмөттүн токтому менен бекитилген ченемдик-укуктук актылардын талаптарын сактабагандыгы аныкталган.

«Мындан улам, мыйзам бузууларды жашыруу үчүн УКМК кызматкерине Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Б.Т.А. жана башкы адиси С.Б.А. тарабынан 30 миң сом өлчөмүндө акча каражат сунушталган. Каражат УКМК кызматкерине Mbank электрондук эсеби аркылуу которулган. Шектүүлөр кармалды жана убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп билдирди мекеме.

Photo 324838

Учурда бул кылмышка Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башка кызматкерлеринин катыштыгыган аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18