24.kg
14:32, 19 марта 2024, 24.kg

Кыргызстанда электр энергиясы май айынан тартып кымбаттайт

Министрлер кабинети калкка электр энергиясына болгон бааны ушул жылдын июнь айында эмес майдан тартып көтөрүүнү сунуштады.

«Кыргызстандын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомго өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоор коомдук талкууга коюлду.

Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин маалыматы боюнча, инфляциянын деңгээлин эске алуу менен 2024-жылдын 1-майынан тартып электр жарыгы 10,8 тыйынга кымбаттайт. Айына 700 киловатт сааттан ашык керектөөдө (бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймакта жашаган калктан сырткары) 23,3 тыйын кошулат.

Электр энергиясын чектөөсүз (лимитсиз) пайдаланууну каалагандарга 35,4 тыйын, электр жарагын айыл чарба, өнөр жайга колдонгондорго 31 тыйын кошулат.

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 2023-жылы 1-майдан тарта 23 тыйынга кымбаттап, 1 киловатт саат электр энергиясы 1 сом болгон. 700 киловатт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйын төлөйт. Ошондой эле электр жарыгын чектөөсүз (лимитсиз) пайдаланууну каалагандар үчүн 5 сом 4 тыйын өлчөмү 2022-жылы июль айында кирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18