24.kg
12:59, 19 марта 2024, 24.kg

Нооруз майрамында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

Ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешме өткөрүп, анда Нооруз майрамында коомдук тартипти сактоо боюнча маселелер талкуулады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция майрамга карата күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Массалык-маданий иш-чаралар учурунда жарандардын коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде жол кырсыктарын алдын алуу боюнча комплекстүү иш мерчеми бекитилди.

Бир дагы аймакта массалык мушташууларга, коомдук эрежелерди бузууларга, өз-ара чатакташууларга, бейбаштыктарга жана эл арасында резонанс жараткан окуяларга жол берилбесин.

Улан Ниязбеков

Министр майрам учурунда жаш өспүрүмдөрдүн жоголуусун, өспүрүмдөргө байланышкан кылмыштардын орун алуусун алдын алуу боюнча жумуштарды күчөтүүнү тапшырды.

«Коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер баардык жарандарга сылык мамиле жасап, тартипти жана мыйзамды бузбай, жүктөлгөн милдеттерди так аткарышсын. Жер-жердеги баардык жетекчилер жогоруда аталган массалык-маданий иш-чаралар учурунда күчөтүлгөн тартипте иш алып барышсын», — деди ал.

Улан Ниязбеков кайсы бир аймакта кемчиликтер катталып, кызматкерлер арасында мыйзам бузуу фактылары орун ала турган болсо, ошол жердеги жетекчилерге катуу тартиптик чаралар көрүлөрүн эскертти.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18