24.kg
11:53, 19 марта 2024, 24.kg

Кара-Балтада нефтини кайра иштетүүчү «Жунда» заводу ишке кирет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Балта шаарындагы «Жунда» мунай иштетүүчү заводуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Акылбек Жапаров «Жунда» мунай заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында ишканада капиталдык оңдоо иштери башталган. Заводду модернизациялоо быйыл күздө пландалууда.

Заводду мурдагы кубаттуулукта ишке киргизүү 2024-жылдын экинчи кварталына болжолдонууда.

Министрлер кабинетинин башчысы оңдоо иштеринин жүрүшү, заводдун өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү, нефтини кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүнүн перспективалары менен таанышты.

Ал тиешелүү түзүмдөргө заводдун потенциалын, жумуш орундарын жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алуу менен ишкананы ийгиликтүү ишке киргизүүгө колдоо көрсөтүүнү тапшырды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18