24.kg
14:12, 18 марта 2024, 24.kg

Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкекте үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ымыркайлар 15-мартта № 2 клиникалык төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келишкен.

«Бишкек шаарынын 35 жаштагы тургуну кош бойлуулугунун 36 жумалыгында кесарево жолу менен үч эм төрөгөн. Бул анын төртүнчү төрөтү», — деп белгиледи мекеме.

Ымыркайлардын төрөлгөндөгү салмагы: кыз — 2 килограмм 40 грамм, эркек бала — 2 килограмм 270 грамм, эркек бала — 2 килограмм 940 грамм.

Эне менен ымыркайлардын абалы туруктуу, медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18