24.kg
13:49, 18 марта 2024, 24.kg

2024-жылдын январь айында мигранттар Кыргызстанга 259 миллион доллар которушкан

2024-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча мигранттар Кыргызстанга 259 миллион доллар которушкан. Бул маалыматтарды өлкөнүн Улуттук банкы жарыялады.

Бул өткөн жылга салыштырмалуу 55,6 пайызга же 92,6 миллион долларга көп.

Декабрь айына салыштырмалуу көрсөткүч болгону 200 миң долларга өскөн. Которулган каражаттын көпчүлүк бөлүгү Россияга туура келет — 244,1 миллион доллар. Башка мамлекеттерден Кыргызстанга 7,9 миллион доллар, АКШдан 5,2 миллион доллар которулган.

Photo 324649

Жылдын жыйынтыгы боюнча акча каражаттарынын сыртка болгон агымы да байкалган, алардын суммасы 56,4 миллион долларды түздү. Бир ай ичинде көрсөткүч 600 миң долларга төмөндөгөн. 2023-жылдын январынан айырмаланып, 1,6 миллион долларга азайган. Акчалардын көпчүлүгү (52,8 миллион доллар) Россияга которулган.

 2024-жылдын январынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга которулган акчалардын таза агымы 202,7 миллион долларды түздү.

Бул 2022-жылга караганда 94,3 миллион долларга, же 1,9 эсеге көп.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөгө которулган каражаттардын суммасы 2 миллиард 706,1 миллион долларды түздү. Кыргызстандан башка мамлекеттерге 561,2 миллион доллар которулган. Акчанын таза агымы 2 миллиард 144,9 миллион доллар болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18