24.kg
11:07, 18 марта 2024, 24.kg

Кар көчкү түшүрүү. Бишкек — Ош жолунда кыймыл убактылуу чектелет

Бишкек — Ош жолунда артиллериялык эсепти колдонуу менен кар көчкү түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн 18-март күнү ӨКМдин жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери Бишкек — Ош унаа жолунун Чүй облусунун аймагында  кар көчкү түшүрүү ишин жүргүзүшөт.

ӨКМ кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүүдө унаа жолдо маал-маалы менен чектөө киргизилерин белгиледи.

«Мындан улам жарандарды абалды туура түшүнүү менен кабыл алууга жана сак болууга чакырабыз. Унаа жолдогу абалды билүү үчүн жана кырсык катталганда «112» номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта», — деп билдирди министрлик.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18