24.kg
12:10, 15 марта 2024, 24.kg

Мурдагы депутат Жаныбек Бакчиев эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев абактан бошотулду. Тиешелүү чечимди кечээ Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Маалыматка ылайык, аны бошотуу өтүнүчү менен сотко тергөөчү кайрылган. Соттун чечими менен Жаныбек Бакчиев башка эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулган.

Эске салсак, мурдагы эл өкүлү 2023-жылдын октябрында кармалган, бирок бул тууралуу ноябрдын ортосунда гана белгилүү болгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча айтып тагылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18