24.kg
11:14, 15 марта 2024, 24.kg

Кыргызстандын эл аралык резерви 3,3 миллиард доллар деңгээлинде кармалып турат

Февраль айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын дүң эл аралык резервдери 3 миллиард 323,82 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалат.

Бул Улуттук банктын тарыхындагы резевдердин эң жогорку көрсөткүчү.

Ага чейин рекорддук көрсөткүч 2024-жылдын январында (3 миллиард 313,49 миллион доллар), 2021-жылдын сентябрында (3 миллиард 241,14 миллион доллар) жана 2023-жылдын декабрында (3 миллиард 236,48 миллион доллар) катталган.

2024-жылдын февралында январь айына салыштырмалуу эл аралык дүң резервдер 10,33 миллион долларга, ал эми жыл башынан бери 87,347 миллион долларга өскөн. Өткөн жылдын февраль айына салыштырмалуу 778,3 миллион долларга же 30,5 пайызга көбөйгөн.

Photo 324504

Улуттук банк резервдерди валюта рыногунда кескин өзгөрүүлөр болгон учурда колдонот. 2023-жылы ал 14 интервенция жасап, 655,72 миллион доллар саткан. 2024-жылы Улуттук банк 31 миллион 850 миң доллар сатып, эки гана интервенция жасады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18