24.kg
16:50, 14 марта 2024, 24.kg

Өлкөдө бензин жана дизелдик отундун сапаты текшериле турган лаборатория курулат

Кыргызстанда жаңы лаборатория куруу пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова билдирди.

Анын айтымында, лаборатория экологиялык мониторинг департаментинин алдында курулат.

«Департамент айлана-чөйрөнүн, анын ичинде абанын, жердин, суунун жана топурактын булганышына мониторинг жүргүзүү маселелери менен алектенет. Бирок бизде бензин менен дизелдик отундун сапатын текшерген лаборатория жок», — деди Асел Раимкулова.

Ал кошумчалагандай, объекттин курулушуна 1 миллион 450 миң доллар каралган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18