24.kg
16:04, 14 марта 2024, 24.kg

Жыпариса Рысбекова эмгек министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Жыпариса Рысбекова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Жыпариса Рысбекова буга чейин кызматынан бошотулган Нурдөөлөт Базарбаевдин ордуна келди.

Белгилей кетсек, Жыпариса Рысбекова 2021-2022-жылдары Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2000-жылдан 2018-жылга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде бир нече кызматтарды ээлеген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18