24.kg
12:51, 14 марта 2024, 24.kg

Кыргызстан адамзаттын өнүгүү индексинде бир тепкичке көтөрүлдү

Бириккен Улуттар Уюму адамзаттын өнүгүү деңгээли эң жогору болгон өлкөлөрдүн рейтингин жарыялады. Доклад уюмдун сайтына жайгаштырылганын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Facebook баракчасында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча бир орун өйдө көтөрүлүп, 193 мамлекеттин ичинен 117-орунду ээледи.

«Бирок эң негизгиси, 0,701 упай (мурда 0,692 болчу) менен «жогору» онүккөн өлкөлөр тобуна кирдик! Буга чейин, биз орто онүккөн мамлекет болчубуз. Бул башталышы эле, албетте, анткени азыр бир жыл мурдагы статистика гана эске алынууда. Акыркы жылдын ийгиликтери камтыла элек. Буюрса, мамлекетибиз өнүгүү жолуна түшкөнү эл аралык аренада көрүнө баштады. Албетте, 117- орун биз үчүн өтө эле төмөн. Өнүгүүнүн жолу оор. Жакшы болуш аста аста дейт эмеспи, ынтымак болсо жергебизде бай мамлекеттердин катарына кошулуу — өзүбүзгө эле көз каранды», — деп жазды ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18