24.kg
15:49, 13 марта 2024, 24.kg

«Тон Манжылы Сервис» подрядчы фирмасынын башкы директору кармалды

«Тон Манжылы Сервис» подрядчы фирмасынын башкы директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын пресс-борбору кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан атайын айыл чарба техникаларын сатып алуу боюнча тендер өткөрүүдө мыйзам бузуу фактысы аныкталып, ал боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө уланууда.

«Кылмышка катыштыгы бар делген шек менен «Тон Манжылы Сервис» подрядчы фирмасынын башкы директору И.М.С. кармалып, Каракол шаарындагы № 23 тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда», — деп белгиленген маалыматта.

УКМК буга чейин Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Ш. УКМКнын кызматкерине айыл чарба техникаларын сатып алуунун жагдайын текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалганын кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18