24.kg
10:59, 13 марта 2024, 24.kg

Жети-Өгүз районунда жер тилкесин берүүдө коррупциялык аракеттер аныкталды

Жети-Өгүз районунда жер тилкесин берүүдө мыйзамсыз коррупциялык аракеттер аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Тамга айыл өкмөтүнүн адиси кызмат абалынан пайдаланып жергиликтүү жарандарга көл жээгиндеги жер тилкелерин ижарага берүүдө акча каражаттарын талап кылып алып жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган.

Текшерүү убагында кызматкер мурда жарандан алган акчаны кайра кайтарып бергенге аракет кылып жүргөндүгү белгилүү болгон. Ал пара катары алган акчаны Жети-Өгуз районунун тургунуна кайра кайтарып берип жаткан жеринен кармалган.

Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тергөө иштери уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18