24.kg
10:12, 13 марта 2024, 24.kg

Салык кызматы эскертет: Камсыздандыруу полисин онлайн режимде алууга болот

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдө электрондук камсыздандыруу полисин өзүнүн «жеке кабинети» аркылуу онлайн режиминде сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертет.

Жеке ишкерлер жана жеке жактар бул кызматты салык органдарына барбастан, Salyk.kg же cabinet.salyk.kg сайты аркылуу онлайн режиминде колдоно алышат.

Электрондук камсыздандыруу полисин сатып алуу үчүн салык төлөөчү Salyk.kg же cabinet.salyk.kg сайтындагы «жеке кабинетке» кириши керек. Андан соң «Модулдар»/«Электрондук сервистер» бөлүмүнө өтүп, «Полис» кызматы жайгашкан «Электрондук патент» бөлүмүн тандоо керек.

«Электрондук камсыздандыруу полисин банктар, терминалдар же мобилдик капчыктар аркылуу төлөөдө epatent.salyk.kg.системасы тарабынан түзүлгөн атайын төлөм кодун киргизүү зарыл», — деп белгиледи мекеме.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18