24.kg
16:27, 12 марта 2024, 24.kg

Аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт

Кыргызстанда 13-15-март күндөрү аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13 мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Республиканын тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн −2...- 7 градус, күндүз −4 ...+1 градус, тоолуу райондорунда түнкүсүн −10...-15, күндүз −4...-9 суук, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн −16...- 21, күндүз −6...-11 суук болушу мүмкүн.

Мындай суук аба-ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18