24.kg
16:07, 12 марта 2024, 24.kg

Министрлер кабинетинде мамлекеттин бирдиктүү маалыматтык саясаты талкууланды

Президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун жетекчилиги алдында өлкөдө бирдиктүү маалыматтык саясатты жүргүзүү боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Отурумга министрлердин жана мамлекеттик мекемелердин башчыларынын орун басарлары, мамлекеттик массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери жана басма сөз катчылар катышты. Мамлекеттик органдардын аткарып жаткан ишмердүүлүгүн тийиштүү деңгээлде туура жеткирүү, мамлекеттик кызматкерлер менен коомдун ортосундагы байланышты жакындатуу, жарандарды кызыктырган суроолорго ыкчам жооп даярдоо сыяктуу бир катар маселелер такууланды.

«Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси президент баштаган реформалар этап-этабы менен ишке ашырылып жатканын, аларды чагылдырууда мамлекеттик органдардын тиешелүү жетекчилери менен бирге басма сөз катчыларынын ролу маанилүү экенин белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18