24.kg
10:07, 12 марта 2024, 24.kg

Мектеп директорлорунун бош орундарына документтерди кабыл алуу башталды

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө документтерди кабыл алуу башталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, талапкерлер документтерди 11-марттан 28-мартка чейин өзүнүн жкек электрондук почтасы (башка бирөөнүн почтасынан болбойт) аркылуу тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтүшү керек.

Документтерди өз убагында бербөө, аларды толук эмес көлөмдө берүү талапкерди конкурстан четтетүүгө негиз болуп саналат. Конкурстун талапкеринен жетишпеген документтерди талап кылууга тыюу салынат.

Талапкер жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин бир гана бош кызмат ордуна талапкер боло алат.

Бир эле жалпы билим берүү уюмунда жетекчилик кызмат ордунда жалпысынан 10 жылдан ашык иштеген талапкер ошол эле жалпы билим берүү уюмунун жетекчилик кызмат ордун ээлөөгө конкурска катыша албайт.

Толук маалымат шилтемеде.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 22-февралында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» министрлер кабинетинин № 79 токтомуна кол коюлган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18