24.kg
15:08, 11 марта 2024, 24.kg

Энергетика министрлиги жарыкты чектөө токтотулганын билдирди

Кыргызстандын Энергетика министрлиги 8-марттан баштап жарык өчүрүү токтотулганын билдирди. Маалыматта аба ырайы ысып, электр энергиясын керектөө кыйла азайгандыктан, жөнгө салуу иш-чаралары жыйынтыкталганы жазылган.

Расмий эсепте ушул күндөрү электр энергиясын керектөөнүн орточо суткалык көрсөткүчү 61 миллион 117 миң киловатт саатты түзүүдө. Күн суук кезде ал 70 миллион киловатт саатка чейин жеткен.

Марттын башында Кыргызстанда эки негизги ГЭСти реконструкциялоого байланыштуу жарык өчүрүлө баштаган. Бул жагдай карапайым калкка түйшүк жаратып, нааразылыктарга себеп болгон.

Расмий маалыматка ылайык, Токтогул суу сактагычында учурда 7,5 миллиард метр кубдан бир аз ашуун суу бар. Адистер суунун көлөмү 6,5 миллиард метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтой турганын эскерткен.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18