24.kg
14:43, 11 марта 2024, 24.kg

Ош шаарында 300 миңден ашык бак-дарак жана 1,5 миллион гүл отургузулат

Ош шаарында быйыл 300 түп ийне жалбырактуу, 500 түп жазы жалбырактуу бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Шаардын жол жээктерине, жашыл аймактарына, эс алуу бактарына, аллеяларга 20 миңге жакын бадал, 20га жакын гүлдүн 1,5 миллиондон ашуун түрү отургузулат», — деп белгиледи мекеме.

Мындан тышкары, административдик-аймактык реформанын алкагында шаарга кошулган айылдарда жана шаар четиндеги аймактарда мекеме-ишканалар жана жергиликтүү тургундар тарабынан 280 миңге жакын ар кандай сорттогу бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат. 

Ошондой эле Ак-Буура дарыясынын жээгине шаардын символу болгон мажүрүм тал, можжевельник, туянын эки түрүн отургузуу болжолдонууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18