24.kg
17:14, 07 марта 2024, 24.kg

Камчы Көлбаевге тиешелүү коммерциялык фирмалардын жетекчилери кармалды

Кылмыштуу чөйрөнү каржылоо фактысы боюнча Камчыбек Асанбек (Көлбаев) көзөмөлдөгөн коммерциялык фирмалардын жетекчилери Б.А.Б. жана Х.Д.А. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Берилген маалымат боюнча, жеке баюу жана көзөмөлгө алынган уюшкан кылмыштуу топту каржылоо максатында жогорудагы адамдар «Гранд Электроникс» ЖЧКсы аркылуу «Кумтөр Голд Компани» менен «Кумтөр» кенин тамак-аш менен камсыздоого келишим түзүшкөнү аныкталды.

«Ортодогу алынган каржылык киреше уюшкан кылмыштуулук менен байланышы бар «Гранд Электроникс Стафф» ЖЧКсына, андан кийин Камчыбек Асанбектин жеке өзүнө өткөрүлүп берилип турган», — деп айтылат маалыматта.

Кылмыштуу чөйрөнү каржылоо беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Камчыбек Асанбек көзөмөлдөп башкарган коммерциялык фирмалардын жетекчилери Б.А.Б жана Х.Д.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18