24.kg
16:49, 07 марта 2024, 24.kg

Аба ырайы жылуу болсо 11-марттан тарта Кыргызстанда электр энергиясы өчүрүлбөйт

11-марттан тарта эртең менен жана кечкисин электр энергиясынын өчүрүлүшү токтошу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев брифингде билдирди.

Анын айтымында, энергетиктер жарыкты системада кубаттуулук жетишсиз болгондо гана өчүрүшөт. Эгер ал көтөрө алса, анда өчүрүүлөр болбойт.

«Эгерде азыр 3 миң мегаватт кубаттуулук керектелип жатса, биз 300 мегаватты гана чектеп жатабыз. Бул болгону 10 пайыз. Азыр күн жылый баштады. Өткөн күнгө салыштырмалуу керектөө 80 мегаваттка азайды. Аба ырайы жылып, адамдар жылыткычтарды өчүрө башташты. Эртең керектөө дагы төмөндөйт. Кечээ эртең менен жана кечинде электр энергиясын берүүнү чектеп жатканбыз, бүгүн эртең менен өчүрүлгөн жок. Биздин система керектөө канча болсо, ошончо электр энергиясын өндүрө алды. 10-11-мартка карата абанын температурасы күндүз + 16 градус, түнкүсүн + 6 градуска чейин жылышы күтүлүүдө. Эми электр энергиясы азырак сарпталат», — деди Таалайбек Ибраев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18