24.kg
15:22, 07 марта 2024, 24.kg

Депутат кыргыз жараны Тажикстанда тыңчылыкка шектелип кармалганын билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов парламенттин 7-марттагы жыйынында коңшу Тажикстандын аймагында Кыргызстандын жараны кармалып, камакка алынып турганын айтып, кыргыз өкмөтүнөн ага көмөктөшүүнү талап кылды.

«Тажикстандын мурдагы жараны, кийин Кыргызстандын жарандыгын алган Кубатбек Юлдашев 2022-жылы Тажикстандын Исфара шаарындагы өз ата-энесинин үйүнө барган экен. Ошол жылы сентябрда уруш чыгып кеткен маалда Тажикстандын атайын кызматтары биздин жаранды «тыңчысың» деп айыптап, кармап, 13 жылга камап коюшуптур. Азыр ал эки жылдан бери абакта жатат экен. Ал эч кандай тыңчылыкка тиешеси жок, болгону жөн гана курмандыкка чалынып кетти. Тышкы иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Акыйкатчы ага жардам берүү иштерин алып барышын өтүнөм», — деди Султанбай Айжигитов.

Маалым болгондой, депутатка Тажикстанда кармалган кыргызстандыктын жакындары арыз менен кайрылышкан.

Жогорку Кеңештин жыйынын алып барып жаткан спикердин орун басары Нурбек Сыдыгалиев бул боюнча тиешелүү органдарга протоколдук тапшырма берүүнү тапшырды.

2021-жылы Тажикстандын Согд облусунда 39 кыргызстандык чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн соттолгону маалым болгон.

2022-жылдын апрель айында Тажикстандын абактарында 13 кыргызстандык жаран түрдүү кылмыш иштери боюнча соттолуп, жазасын өтөп жатканы кабарланган. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы алардын экөө өмүр бою эркинен ажыратылгандар экенин билдирген.

2022-жылдын июль айында алардын ичинен 11 кыргыз жараны тажик абагынан бошотулуп, Кыргызстанга кайтарылган. Алар Кыргызстандын аймагында кармалып, соттолгон 11 тажикстандыкка алмашылганы маалым болгон.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы толук такталбагандан улам эки өлкө кесилишкен жерлерде мурда да чыр-чатактар орун алып турган. Эң ири жана көп курмандыктарга алып келген жаңжалдар 2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында катталган. Биринчи ири жаңжалдан кийин Кыргызстан делимитациялоо жана демаркациялоо иштери толук аяктаганга чейин чек арасын бир тараптуу жапкан. Мунун фонунда чек араны тактоо иштери ыкчамдатылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18