24.kg
14:54, 07 марта 2024, 24.kg

Бишкектин жашыл аянттарына унаа токтоткон айдоочуларга айып пул салына баштады

Муниципалдык инспекция эки жаранга жашыл аянтка унаа токтоткону үчүн айып салды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айдоочуларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлүп, 5 миң 500 сом айып салынды.

«Рейддик иш-чара Бишкек шаарынын Октябрь районунда Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлдү. Эреже бузуулардын көбү Айтиев көчөсүндөгү турак үйлөрдүн жанында катталды. Айдоочулар унааларын бактын арасына, ошондой эле жашыл аянтты ээлеген жерлерге токтотушкан. Жашыл аянттарга унаа токтотууга тыюу салуу боюнча түшүндүрүү иштерине карабастан шаардыктар эскертүүлөрдү этибар албай, эрежени бузуп жатышат», — деп белгиледи мэрия.

Муниципалдык инспекция шаардыктарды унааларын жашыл аймактарга калтырбоону өтүндү.

Туура эмес жерлерге токтоткон жеке адамдарга 5 миң 500 сом, ал эми юридикалык жактарга 17 миң сом айып пул салынат.
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18