24.kg
14:00, 06 марта 2024, 24.kg

Жаздын биринчи жамгыры. Бишкекте +14 градуска чейин жылыйт

Синоптиктердин маалыматына караганда, апта соңуна чейин Бишкекте жаан жаашы күтүлөт, бирок күн өткөн сайын аба ырайы жылыйт.

7-мартта Бишкек шаарында түнкүсүн −1 градуска чейин болот, жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жамгыр жаашы мүмкүн, бирок +8 градуска чейин жылуу болот.

8-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн + 1, күндүз + 11 градуска чейин жогорулайт.

9-мартта борбор калаада жаан-чачын болбойт, түнкүсүн + 3, күндүз + 14 градуска чейин жылыйт.

10-мартта күн ачык болот. Түнкүсүн +4 градуска, күндүз +11 градуска чейин жылуу болот.

Бишкекте 11-мартта күндүз күн ачык болот. Түнкүсүн +5 градуска чейин, күндүз +15 градуска чейин болот.

12-мартта бир аз суук болуп, жамгыр жаайт. Түнкүсүн +3 градуска чейин болот, күндүз жаан жаашы мүмкүн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18