24.kg
11:49, 06 марта 2024, 24.kg

Telegram аркылуу синтетикалык баңгизаттарды сатууга көмөктөшкөн топ кармалды

Telegram мессенджери аркылуу синтетикалык баңгизаттарды сатууга көмөктөшкөн криптовалютанын ээлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «крипто алмашуучулардын» тобу кармалып, алардан көп сандагы банк карталары, уюлдук телефондор жана сим-карталар, ошондой эле ири өлчөмдөгү «мефедрон» баңгизаты табылып алынды.

«Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген жана «крипто алмаштыргычтар» аркылуу ортомчулук кызмат көрсөткөн беш жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Учурда жарандарга баңгизаттарды таратып жаткан адамдардын, ошондой эле бул мыйзамсыз аракеттерге көмөктөшкөн башка адамдардын аракеттерин аныктоо жана ага бөгөт коюуга багытталган ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18