24.kg
11:12, 06 марта 2024, 24.kg

Ага Хан фондунун KICB банкындагы үлүшү көбөйдү

Ага Хан экономикалык өнүктүрүү фонду Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик банкынын (KICB) үч акционеринин үлүшүн сатып алды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Финансы институту үч ишканадан эки пайыздан акция сатып алган, алар Эл аралык финансы корпорациясы (IFC), Германиянын инвестициялар жана өнүктүрүү корпорациясы (DEG) жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ).

Эми IFC, DEG и ЕРӨБ компанияларынын KICB банкында акциялары жок, ал эми акциялардын 72 пайызы Ага Хан фондуна таандык болуп калды. Акциялардын дагы 18 пайызына «Хабиб Банк Лимитед», 10 пайызына Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ээлик кылат.

Белгиленгендей, акционерлердин ортосундагы үлүштөрдү бөлүштүрүү 2017-жылдын 14-декабрындагы акцияларды сатып алуу-сатуу башкы келишимине ылайык, акцияларды этап-этабы менен сатуунун алкагында ишке ашырылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18