24.kg
14:29, 05 марта 2024, 24.kg

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктады. Бул жөнүндө мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал улуттун улут катары сакталып, андан ары өнүгүүсү ошол улуттун тили, нарк-насили, тарых-таржымалы жана маданияты менен түздөн-түз байланышта экенин белгиледи.

«Ак кар-көк муз жаткан аскар тоонун элесин чагылдырган ак калпак баштаган улуттук кийимдерибиз дал ушул кыргыз маданиятынын ары көөнө, ары сыймыктуу, ары маанилүү, ары ыңгайлуу элементи экени талашсыз. Бекеринен «Ак калпак кыргыз» деп айтылбаса керек. Бүгүнкү ааламдашуу доорунда да ар бир кыргыз баласын ак калпаксыз элестетүү мүмкүн эмес», — деди ал.

«Келечек бизге өз улуттук баалуулуктарыбызга, каада-салт, нарк-насилибизге кылган мамилебизге жараша баа берерин эске алганыбызда, бабалардын улуу салтын улоо — биздин, бүгүнкү муундун милдети!», — деп кошумчалады президент.

Бул майрам өлкөдө 2011-жылдан бери кинорежиссер Ырысбек Жабировдун демилгеси менен белгиленип келет. 2019-жылы ак калпак ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18