24.kg
14:01, 05 марта 2024, 24.kg

Ош облусунда аял эки баласы жана жээни менен иске ууланып каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районунда 31 жаштагы аял, анын алты жаштагы уулу, үч жаштагы кызы жана жети жаштагы жээни көмүрдүн исине ууланып каза болду. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине облустун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар Кызыл-Шарк айылынын тургундары болгон. Тез жардам бригадасы барган учурда үй-бүлө мүчөлөрү каза болуп калган.

«Туугандары экспертизадан баш тартышты. Алардын сөөгүн карап, акт түзүп, туугандарына өткөрүп беришти», — деп билдирди мекеме.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18