24.kg
14:18, 04 марта 2024, 24.kg

АКШда жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза болду

АКШда жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин маалыматы боюнча, Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарындагы жол кырсыгынын кесепетинен эки кыргыз жараны каза болгон. Кыргызстандын чет өлкөлүк мекемеси тарабынан каза болгон жарандардын өздүгү аныкталды жана алардын туугандары менен ыкчам байланыш жүргүзүлүүдө.

Учурда элчилик тарабынан кырсыктын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси каралып жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18