24.kg
11:10, 04 марта 2024, 24.kg

ЖМК: Былтыр 50 миңден ашуун борбор азиялык АКШ чек арасынан мыйзамсыз өткөн

Өткөн жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн 50 миңден ашык жараны АКШ чек арасынан мыйзамсыз өткөн. Бул тууралуу Монтана штатынан сенатор Стив Дэйнс "жогорку кызматтагы аткаминерлерге" шилтеме кылып билдиргенин Daily Mail басылмасы кабарлады.

Басылма белгилегендей, АКШнын бийлиги мыйзамсыз миграциянын күчөшүнө тынчсызданып, мигранттар өлкөгө коркунуч жаратышы мүмкүн деп кооптонууда.

АКШдагы башпаанек сурап кайрылгандардын арыздарына анализ кылган коммерциялык эмес (TRAC) уюмдун маалыматы боюнча, учурда бери дегенде эле 40 миң борбор азиялык жаран сотту күтүп жатышат. Алардын 17 миңи Өзбекстандын, 7 миңи Кыргызстандын, 3 миңи Тажикстандын, 2,7 миңи Казакстандын жана 2 миңи Түркмөнстандын жарандары.

Стив Дэйнс чек арадагы мигранттарга байланыштуу кризис тууралуу АКШнын президенти Жо Байденге кат жазып, чара көрүүгө чакырган. Daily Mail басылмасынын жазганына караганда, расмий маалыматтарга ылайык, Байден бийликке келген 2021-жылдан тартып АКШнын чек арасынан 7,3 миллион мигрант мыйзамсыз өткөн.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18