24.kg
10:15, 04 марта 2024, 24.kg

Өлкөгө өзгөчө кырдаалдарда медициналык жардам көрсөтүү үчүн комплекттер берилди

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Улуттук госпиталдын катастрофалык медицина жана шашылыш консультативдик медициналык жардам бөлүмүнө өзгөчө кырдаалдарда жана табигый кырсыктарда кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү үчүн комплекттерди акысыз тапшырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул гуманитардык жардамга медициналык буюмдар, атап айтканда атайын тигүүчү материалдар, анестезия жана хирургиялык дренаждар, стерилизация жана интубация комплекттери (ларингоскоп менен), жалпы хирургиялык комплекттер жана башкалар кирет. Жүк ДССУнун Дубайдагы аймактык материалдык-техникалык жабдуу борборунан жөнөтүлүп, жалпы салмагы 240 килограммдан жогору болуп, баасы 37 миң доллардан ашты.

ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско өз кезегинде өлкөгө мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгилеп, өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү жана өзгөчө кырдаал учурунда өлкөнүн натыйжалуу аракеттенишине көмөк көрсөтө турган эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди ишке ашыруу маанилүү экендигин белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18