24.kg
10:15, 01 марта 2024, 24.kg

«Шериктештик балдары» маданий-агартуу форуму Кыргызстанда өткөрүлөт

Тогузунчу эл аралык «Шериктештик балдары» маданий-агартуу форуму жайында Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Telegram-каналында билдирилди.

КМШ өлкөлөрүнөн келген катышуучулар 25-июндан 4-июлга чейин Чолпон-Атада шаарында Ысык-Көлдүн жээгинде болушат. Алар өздөрүнүн улуттук каада-салттарын жана үрп-адаттарын презентациялар аркылуу таанытышат.

Иш-чаранын программасында көргөзмөлөр, мастер-класстар, спорттук мелдештер, интеллектуалдык оюндар, билим берүү тренингдери, музыкалык конкурстар, искусство кечелери бар.

«Долбоордун негизги максаты балдарды жана жаштарды ынак коңшулук жана кызматташтык рухунда тарбиялоо үчүн интернационалдык аянтчаны түзүү», — деп билдирди КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы.

Белгилей кетсек, форум 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет. Эң биринчи жолу Кыргызстанда болгон, андан кийин Россия менен Өзбекстанда өткөрүлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18