24.kg
15:52, 29 февраля 2024, 24.kg

Кыргызстанда 144 күрөөкананын лицензиясы убактылуу токтотулду

Кыргызстанда 144 күрөөкананын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Марат Пирназаров билдирди.

Анын айтымында, ломбарддарды текшерүүгө мораторий киргизилген. Быйыл ал узартылды.

«Бирок буга карабастан келип түшкөн арыздардын негизинде иш-чаралар жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында ломбарддарга айып пул салынды. Мындан тышкары, 144 ломбарддын лицензиясы токтотулуп, 10 күрөөкананыкы жокко чыгарылды. Ошондой эле ломбарддарга жазма буйруктар берилип жатат», — деп белгиледи ал.

Марат Пирназаров ломбарддар ишкердиктин бир түрү экенин белгилеп, ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизилгенде ломбарддар да бул нормага кирерин билдирди.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кыргызстандыктар көбүнчө күрөөгө транспорт, тиричилик техникасын, смартофондор жана зер буюмдарды коюшарын айтты.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча, ломбарддардын негизги бөлүгү Бишкек, Ысык-Көл жана Чүй облустарында, Ош шаарында жайгашкан.  Эң аз Баткен облусунда катталган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18