24.kg
11:42, 29 февраля 2024, 24.kg

Лебединовка мектебине бомба коюлду деген маалымат тастыкталган жок

Бүгүн Лебединовка мектебине бомба коюлду деген маалымат түшкөн. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө саат 7.48де бир жаран телефон чалып, Лебединовка айылындагы № 1 орто мектебине бомба коюлганын билдирген.

Факт Аламүдүн райондук милициясында катталып, тергөө иштери башталды. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барган. Текшерүүнүн жүрүшүндө маалымат тастыкталган жок.

Текшерүү жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18