24.kg
11:06, 29 февраля 2024, 24.kg

Жалпы республикалык тестирлөөгө онлайн-каттоо башталды

Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы республикалык тестирлөөгө онлайн-каттоо тууралуу буйругу чыкты.

Ал ыктыярдуу негизде 29-февралдан 4-апрелге чейин өткөрүлөт.

2023-24-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүн каттоо окуган жеринде жүргүзүлөт, мурунку бүтүрүүчүлөр жашаган жери боюнча райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө каттала алышат.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору 24.kg агенттигине маалымдагандай, негизги жана ар бир предметтик тест үчүн мурдагыдай эле 470 сомдон төлөнөт. Уюм быйыл жогорку окуу жайга тапшыра тургандарга милдеттүү боло турган кыргыз тили боюнча тест киргизилип жатканын эскертти. Анын өзүнчө баасы болот.

Эске салсак, 2012-жылдан тартып ЖРТ республиканын бардык жогорку окуу жайларына тапшырууда менчигинин түрүнө карабастан милдеттүү болуп калган. Бирок тестирлөөнүн жыйынтыгы талап кылынбаган кесиптердин тизмеси дагы бар.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18