24.kg
10:15, 29 февраля 2024, 24.kg

Кыргызстанда жыл башынан бери кызылча оорусунун 4 миңден ашуун учуру катталды

Кыргызстанда 2024-жылдын башынан 27-февралга чейин кызылча оорусунун 4 миң 78 учуру катталган. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, вирустун активдүү циркуляциясы борбор калаада, Чүй жана Жалал-Абад облустарында байкалууда:

  • Бишкекте 1 миң 20;
  • Ош шаарында 226;
  • Ош облусунда 602;
  • Баткенде 100;
  • Чүйдө 961;
  • Жалал-Абадда 803;
  • Таласта 68;
  • Ысык-Көлдө 65;
  • Нарында 46 учур катталды.

Ооругандардын 85 пайызы 10 жашка чейинки балдар.

Чоңдор арасында 20 жаштан 29 жашка чейинкилердин (196 учур же 4,8 пайыз) жана 30 жаштан жогорукулардын (162 учур же 3,9 пайыз) арасында дагы ооругандар катталган.

Оорунун көбөйүшүнүн негизги себеби — балдар жана чоңдор арасында кызамык жана кызылчага каршы пландык иммунизациядан баш тарткандар көп болууда.

Республиканын бардык аймактарында пландуу иммунизация күчөтүлдү; кызылча менен ооруган адамдар менен байланыш түзгөн адамдардын арасында эмдөө жүргүзүлүүдө, ошондой эле Бишкекте жана өлкөнүн аймактарында мугалимдер жана медициналык кызматкерлер окутулууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18