24.kg
16:00, 27 февраля 2024, 24.kg

Акылбек Жапаров тойлорду, үрп-адаттарды иретке келтирүүнү сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында тойлорду, үрп-адаттарды тартипке салууну сунуштады.

Ал айрым кыргызстандыктарды жана тамадаларды сынга алды.

«Ар бир тамада каалагандай кылып өткөзөт. Ар бир үй-бүлө өзүнүн аң-сезимине, деңгээлине жараша өткөрөт. Пил болсо, аны дагы алып кирмек, атты алып кирип жатышат тойдун ичине. Каада-салттарды иреттеп берсеңиздер деген өтүнүч бар», — деди ал.

Акылбек Жапаров өлкөгө келген башка улуттар, туристтер биздин каада-салттарды түшүнгөндөй болушу керектигин белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18