24.kg
11:34, 27 февраля 2024, 24.kg

Бишкекте Глобалдык жашыл өсүш институтунун кеңсеси ачылат

Президент Садыр Жапаров «2023-жылдын 27-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Глобалдык жашыл өсүш институтунун ортосундагы Глобалдык жашыл өсүш институтунун (GGGI) укуктук статусу, артыкчылыктары жана иммунитеттери тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 17-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Макулдашууга ылайык Бишкек шаарында Глобалдык жашыл өсүш институтунун жергиликтүү кеңсесин ачуу пландалууда, ал тараптардын ортосундагы теңдик жана өз ара аракеттенүүнүн негизинде кызматташууга көмөктөшөт жана Кыргызстанда «жашыл» экономиканы өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот.

Анын негизги иши «жашыл» экономикалык өсүшкө багытталган долбоорлорго техникалык жардам көрсөтүү жана финансылык каражаттарды мобилизациялоо болот.

Буга чейин Кыргызстан Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү тууралуу макулдашууга кошулган (Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 9-декабрындагы № 136 «2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлган Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө» мыйзамы).

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18