24.kg
11:44, 26 февраля 2024, 24.kg

Блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыгарылды

Опузалап акча талап кылууга шектелген блогер Батмакан Жолболдуеванын бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, блогер 26-мартка чейин үй камагында болот.

Батмакан Жолболдуева УКМКнын кызматкерлери тарабынан акча каражатын алып жатканда кармалып, тергөө абагына киргизилген.

Эскерте кетсек, Батмакан Жолболдуева 2022-жылы баткендик журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталган. 2023-жылдын май айында Баткен облустук соту Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу эки эпизод боюнча аны толук актаган. Сот ошондой эле анын блогердик ишмердүүлүгүнө тыюу салууну жокко чыгарган. Документтерди жасалмалоо беренеси боюнча сот ага бир жылга пробациялык көзөмөл дайындаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18