24.kg
12:38, 22 февраля 2024, 24.kg

Улуттук госпиталдын медайымына кол көтөргөн жаран кармалды

Улуттук госпиталдын медайымына кол көтөрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Улуттук госпиталынын медайымынын денесине залал келтирген Б.А. аттуу жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен медайымдар ассоциациясынан кайрылуу түшкөн.

Photo 322565

Тергөөнүн жүрүшүндө медайым оор абалдагы оорулууну таңуу процедурасын жүргүзүү үчүн шектүүнү палатадан чыгып кетүүсүн суранганын, бирок эскертүүгө карабастан Б.А. терс мамиле жасап, кош бойлуу медайымды себепсиз сабаганы аныкталган.

«Натыйжада медайымдын башынын жумшак ткандары көгөрүп, «боюнан түшүү коркунучу бар» деген диагноз менен ооруканага жаткырылган», — деп айтылат маалыматта.

Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «Бейбаштык» боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18