24.kg
16:50, 21 февраля 2024, 24.kg

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары камактан чыгарылды

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашев камактан чыгарылды. Маалыматты 24.kg агенттигине Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Ага ылайык, 12-январда УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган.

«Буга чейин Замирбек Карашевге карата тандалган камакка алуу бөгөт чарасы башка жакка чыкпоо жөнүндө тил катына өзгөртүлдү», — деп билдиришти соттон.

Эске салсак, экс-чиновник 2023-жылдын октябрь айында эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу беренеси боюнча шектелип кармалган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18