24.kg
14:32, 21 февраля 2024, 24.kg

Ош шаарынын мэриясы 5 миллион сомдук жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп берген

Ош шаардык мэриясынын жана Ош регионалдык архитектура башкармалыгынын кызмат адамдары 5 миллион сомдук жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп беришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Бекмуратов көчөсүндө жайгашкан 400 чарчы метр жер тилкесин кезектүүлүк тартибин бузуу менен жер тилкеге муктаж болбогон жаранга мыйзамсыз бөлүп беришкендиги аныкталган.

«Көрсөтүлгөн жер тилкеси тийиштүү документтер алынгандан кийин башка жарандарга сатып жиберилген, натыйжада мамлекетке материалдык зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына тапшырылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18